Жаңылыктар
Бишкекте каржы тармагын талкуулаган эл аралык форум өтүүдө
Экономика
Бишкекте каржы тармагын талкуулаган эл аралык форум өтүүдө

Бишкекте каржы жана насыя чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулаган эл аралык форум өтүүдө. Жыл сайын өтүүчү ири финансылык форумга чет элдик жана жергиликтүү банктардын кызматкерлери, чакан каржы уюмдардын өкүлдөрү, мобилдик байланыш операторлору, төлөм уюмдарынын өкүлдөрү, камсыздандыруу жана каржылык компаниялардын кызматкерлери катышууда. 

Форумда келечектеги төлөм технологияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү, кибер-коопсуздук маселелери, калктын каржылык сабаттуулугу жана Ислам негиздеринде каржылоо каралууда. Иш-чараны Кыргызстан банктар биримдиги менен Улуттук банк уюштурган.