Июнь айынын соңунда борбор калаадагы маршруттук такси кызматын көрсөткөн компанияларга сынак жарыяланат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Канатбек Музуралиев билдирди. Талапка жооп берген ишканаларга гана шаар ичинде каттам жүргүзүүгө уруксаат берилет. Бул үчүн бир нече критерийлер каралган. Конкурстун жыйынтыгы менен алардын ишмердүүлүгү канча жылга узартылаары азырынча белгисиз.
“Июнь айынын соңунда өтөт конкурс. Автоунаалардын жаңы болушу коюлуп жаткан негизги талап”,- деди Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Канатбек Музуралиев.