Жаңылыктар
Өкмөт өлкөнүн ички жолдорун ондоого чоң каражат бөлдү
Экономика
Өкмөт өлкөнүн ички жолдорун ондоого чоң каражат бөлдү

Быйыл Өкмөт биринчи жолу өлкөнүн ички жолдорун ондоого чоң каражат бөлдү, тактап айтканда 750 миллион сом ички жолдорду оңдоого жумшалат. Анын ичинде Каракол шаарынын жолдорун ондоо да каралууда. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Каракол шаарынын жолдорунун абалы менен таанышып, ондоо жумуштарын ыкчамдатуу тапшырмасын койду. 

«Каракол шаарынын ички жол маселеси көптөн бери чечилбеген көйгөйгө айланган. Жеткиликтүү каржылоо болбогондуктан жолдордун тамтыгы чыккан. Эми шаардыктардын жол боюнча жергиликтүү бийликке бир нече ирет болгон кайрылуулары кабыл алынып, шаардын негизги жолдору ондолгону турат.

Бул Каракол шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири. Мэриянын карамагындагы көчө көптөн бери ондолбогондуктан мында каттоо кыйын эле. Өкмөт башчынын тапшырмасы менен эми Токтогул көчөсүн унаа жана жолдор министрлиги ондогону турат. Жалпы узундугу 1 километр 600 метрлик жолду жолчулар бир айдын ичинде бүтүүнү пландап жатышат.

Шаардагы жолу ондоло турган башкы көчөлөрдүн дагы бири Кыдыр аке. Жалпы узундугу 1 километр 200 метр чакырымдык көчө толугу менен капиталдык ондоодон өткөрүлөт.Азыр жолду салуу боюнча долбоор даярдалып жатат. Бул жумуштарга Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 45 млн сомдон ашыгыраак каражат каралат. Караколдун жолдорунун абалы менен өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков да таанышып бул көйгөйдү чечүүгө каражат табылаарын билдирди. Кошумчалай кетсек 2017-жылы өлкөнүн ички жолдорун ондоого бюджеттен 750 миллион сом бөлүндү.

Жай мезгили башталганына карабай жаан жаап жаткандыктан дагы деле сел жүрүү коркунучу сакталууда. Мындан улам дарыя жээктерин бекемдоо зарыл. Өчгөчө кырдаалдар министрлиги бул багытта жээкти беемдөө жана дамба куру жумуштарын ыкчамдаткан. Маселен Теплоключенко айылындагы Ак-Суу дарыясынын жээктерин бекемдөө иштерине 3 млн 600 мин сом жумшалууда. Мында жумуштар май айынан аягынан бери жүрүп жатат. Жалпы болуп Ак суу суусунун 98 чакырым жээги бекемделет. Кубатбек Боронов ушул тапта жумуштардын 70 пайызы бүтүп калганын билдирди.