Жаңылыктар
Биометрикалык паспорт алуу жөнөкөй
Кыргызстан жаңылыктары
Биометрикалык паспорт алуу жөнөкөй

Кыргызстанда 55 миңдей жаран биометрикалык паспорт алууга арыз берип, 18 миңден ашыгы жаңы үлгүдөгү паспортко ээ болду. 

Өкмөттүн токтому менен биометрикалык паспорт жарандарга акысыз берилүүдө. Анын өзгөчөлүгү - паспортко жаран тууралуу толук маалыматты камтыган чип кошулган. 

Электрондук паспорттун берилиши президент демилгелеген "Таза коом" долбоорун жайылтуу үчүн баштапкы шарттардын бири болмокчу. 

Залга толуп, кезек күткөндөрдүн басымдуусу эски паспортун биометрикалык паспортко алмаштыруучулар. Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, азыр паспорт алуу өтө жеңилдеди. Жаңы паспорт алуу же алмаштыруу үчүн мурдагыдай көп документ топтоонун кажети жок, кагаз толтуруу деген да жок. Эски паспортту алып келип эле, маалымат базасынан операторлорго текшертет,андан сырткары биометрикалык маалыматы эки манжадан текшерилген сон ПИН номуру жазылып, андан базадагы бардык маалыматтары чыгат. Катталган жери бар болсо,тейлөө борборунан сүрөткө гана түшүп, баары туура болгон соң, электрондук кол коет.

Биометрикалык паспорт алууга катталгандан кийин ал 12 иш кунунон кийин даяр болот. Аны тейлоо борборуна келип алып кетсе болот.
Калкты тейлоо борбору кунуно 700го жакын жаранды тейлеп жатышат. Бирдиктуу мамлекеттик каттоо системасы ишке киргени кыргызстандыктар каалаган жеринен эле паспорт ала алышат. Жылдын аягына чейин биометрикалык паспорт алуу акысыз, эгер жоготуп же өзгөртөм дегендер 290 сом төлөшү керек болот.

Биометрикалык паспорттун биринчи бетине негизги маалыматтар жазылса, паспорттун ичине тагыраагы чипке жаран тууралуу дагы кенен маалыматтар жазылган. 

Чиптеги санариптик фото, манжанын изи, электрондук кол тамга мамлекеттик кызматтарды колдонуу үчүн киргизилген. Бул система менен алдыда уйдон чыкпай эле маалыматты толтуруп каалаган документти тапшырууга мумкунчулук тузулот.