Жаңылыктар
ЖК депутаттары жөлөк пул берүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштады
Саясат
ЖК депутаттары жөлөк пул берүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштады

 

Ага ылайык, ар бир жарык дүйнөгө келген ымыркайга мамлекет сүйүнчү катары акча бөлөт. 

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, анда 3 жашка чейинки бардык балдар жана 3 баладан көп балдары бар үй-бүлөлөр жөлөк пул менен камсыздалмакчы. 

Жөлөк пулдар жөнүндө жаңы мыйзам парламентте 1-окууда кабыл алынды. Жаңы социалдык долбоорду Социал демократтар фракциясынын депутаттары көтөрүп чыккан. Берилчү каражаттын өлчөмү жана казынадан канча каражат сарпталат ийне жибине чейин эсептелген. 

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Карамат Орозованын айтымында, бул мыйзам балдары бар үй-бүлөлөрдүн жана пенсия менен камсыз болууга укугу жок эмгекке жараксыз адамдардын мамлекеттик жөлөк пулдарга жетүүсүн жөнөкөйлөштүрүү максатында жасалып жатат. Ошондой эле бул мыйзам долбоору мамлекеттик жөлөк пул алуу үчүн кайрылууда коррупциялык аракеттерди кыскартат.

Эне менен баланы колдоого алчу мыйзам долбоордун келип чыгышына бир нече себеп түркү болгон. Буга чейин берилип келген жөлөк пул мүлкү, кирешесине жана жашоо шартына карап бөлүнүп калк арасында нааразычылыкты туудурган.

Текшерүүдөн өтүп, жөлөк пул алууга уруксаат алган жарандар түрлүү документ толтуруп убара болот. Дал ушул жерде байкалбаганы менен коррупциялык аракеттер бар деп дагы тиешелүү тармакка арыздар түшкөн.

Республикалык бюджеттин 53 пайызы социалдык төлөмдөргө бөлүнөт. Эгер мыйзам долбоор кабыл алынса дагы кошумча каражат талап кылынат. Бул мыйзам парламентте дагы 2 окууда каралат. Андагы жыйындарда эл өкүлдөрү дагы социалдык долбоорго алымча кошумча киргизишмекчи.