Жаңылыктар
Атамбаев кеңешчиси Карыбаеваны кабыл алды
Саясат
Атамбаев кеңешчиси Карыбаеваны кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн кеңешчиси Мира Карыбаеваны кабыл алып 20-22-июль күндөрү өтө турган эл аралык форумга даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат алды. Бул иш-чарада - Алтай цивилизациясы жана тил жагынан алтай тектүү элдердин тобуна кирген элдердин өз ара карым-катышы талкууланат. Карыбаева бүгүнкү күндө форумга катышууга Европа жана Азия мамлекеттеринен, анын ичинде Германия, Венгрия, Индия, Россия, Өзбекстан жана Чехиядан көрүнүктүү тарыхчылар, археологдор, антропологдор, лингвисттер катталганын айтты. 

Ошондой эле, билим жана илим министрлиги менен “Мурас” фонду биргелешип жасап жаткан иштер туралуу дагы айтып берди. Форум-Евразия аймагын байырлаган элдердин жалпы алтай тилинин негизиндеги этногенетикалык жана тарыхый маданий-илимий изилдөөлөрдүн, гуманитардык байланыштарга багытталган билим жана маданият жаатындагы долбоорлордун жыйынтыктарын талкуулоо үчүн жаңы аянтча болуп калат.