Жаңылыктар
Фарид Ниязов кызматынан бошотулду
Саясат
Фарид Ниязов кызматынан бошотулду

Фарид Ниязов өзү берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси кызматынан бошотулду. 

Тиешелүү жарлыкка Президент Алмазбек Атамбаев кол койду. 

Мамлекет башчы кол койгон экинчи бир буйрукка ылайык, Фарид Ниязов Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы, тактап айтканда айлык албай акысыз иштеп берген кеңешчиси болуп дайындалды.