Жаңылыктар
"Реал" 4:1 "Ювентус"
Спорт
"Реал" 4:1 "Ювентус"

Футбол боюнча Чемпиондор Лигасынын финалдык беттеши 3-июнь күнү Кардифф шаарында өттү. Анда "Ювентус" "Реал" кез келди. Оюндун жүрүшүндө италиялык команда коргонууда мыкты болуп, "Реалдын" оюнчуларына кыйынчылык жаратты. Беттештин 20-мүнөтүндө Криштиану Роналду өнөктөшү Даниэль Карвахальдын узаткан тобун дарбаза торуна кадады. Андан көп өтпөй "Ювентустун" чабуулчусу 27-мүнөттө Марио Манджукич командалашы Гонсало Игуаиндин чыгарып берген тобун тээп эсепти теңеди. Ошентип 1-тайм аягына чыгып, калыстын ышкырыгы жаңырды.

Ал эми 2-таймдын башталышы менен "Реал" чабуулун күчөтүп, жеңиш голун жаратууга далбасташты. Жыйынтыгында Карлос Касемиров (61-мүнөт), Криштиану Роналду (64-мүнөт) жана Марко Асенсио (90-мүнөт) бирден гол киргизишти. Ал эми Дибаланын ордуна алмашууга чыккан Хуан Куадрадо 84-мүнөттө экинчи сары айып кагазын алып, мелдештен четтетилди. Ошентип "Реал" 12-жолу Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү аталды.

Кошумчалай кетсек, финалдык оюндун алдында КТРК СПОРТТУН баяндамачылары бул оюн тууралуу "Арена" берүүсүндө талкуу жүргүзүшкөн.