Жаңылыктар
Асаналиев: Айтматовдун эл аралык деңгээлдеги кадыры чоң болгон
Маданият
Асаналиев: Айтматовдун эл аралык деңгээлдеги кадыры чоң болгон

Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, 2018-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленет. Дүйнөлүк атагы бар кыргыздын даңктуу уулунун 90 жылдык маарекесине карата замандаштары эскерет.    

Чыңгыз Айтматов эгемен Кыргызстандын элчиси кезинде, 1995-жылдары НАТОдо орус тилин жумушчу тилдин катарына кошкон учурун эске салды. Чыңгыз Айтматовдун эл аралык деңгээлдеги кадыры чоң экенин өз  көзүм менен көрдүм-дейт, Кыргыз Республикасынын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев.