Жаңылыктар
Атактуу композитор Таштан Эрматовдун айкели орнотулду
Маданият
Атактуу композитор Таштан Эрматовдун айкели орнотулду

Бишкек шаарында Таштан Эрматов атындагы музыкалык педагогикалык колледжде, атактуу композитор, профессор Таштан Эрматовдун айкели орнотулду. Иш чарага анын уулу жана  замандаштары катышты. 

Эрматов профессионалдык музыканын көрүнүктүү өкүлү, композитор 1928 жылы 18-ноябрда Жалал-Абад обласынын Сузак районунудагы Ак-Баш айылында жарык дүйнөгө келген. Ал, апасынын ырдаган бешик ырларын эсине сактап, өмүр бою унуткан эмес. Бирок тилеке каршы мындай бактылуу кундөрү көпкө созулбай, 6-жашында ата-энесинен ажырап Караколдогу балдар үйүнө өткөрүлгөн. Тилеке каршы Улуу Ата-Мекендик согушта, балдар үйү жабылып, ошол жылы Таштан Эрматов кол өнөрчүлүк окуу жайына тапшырып, ал окуу жайдан уста кесибин алып чыккан. Иш чарага Эрматовдун жакын туугандары, заманадаштары жана окуу жайды аяктап кеткен  окуучулары анынкатышты.  

Эске сала кетсек, окуу жай 1966-жылы түптөлгөн. Алгач окуу жай республика боюнча Ош, Бишкек жана Каракол шаарларында ачылган. Окуучулардын саны 100-150 болуп, бара-бара билим алгандардын саны артып,  учурда 1500 окуучу билим алууда. Окуу жайда  200гө  жакын мугалим эмгектенип келет.