Жаңылыктар
Батирлерди күнүмдүк ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам туризмге тоскоол болууда
Туризм
Батирлерди күнүмдүк ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам туризмге тоскоол болууда

Батирлерди күнүмдүк ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам туризмдин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу парламентте “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында айтылды. 

Эл өкүлдөрү аталган мыйзам иштебей эле, милиция кызматкерлерин арам жол менен багып жатканын айтып, сынга алды. 

Батирлерин суткага ижарага бергендерди жоопкерчиликке тарткан мыйзам, быйыл 10-январда күчүнө кирген. Көп өтпөй Бишкекте жана Караколдо туризм менен алектенген ишкерлер нааразычылык акциясына чыгып, туристик жайларда эс алуучуларды 2-3 күнгө кабыл алууга бөгөт коюулганын айтып чыккан. 

Эми фракция аталган мыйзамды кайра карап чыгууну демилгелөөдө.