Жаңылыктар
Биринчи май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши каралды
Саясат
Биринчи май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши каралды

Биринчи май райондук соту "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Кыргызстандын Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карады. Ишти судья Айбек Эрнис уулу карап жатат. Сот ишти кароо процессин фото жана видеого тартууга бүгүн гана уруксат берди, башка күндөрү иш жабык каралат. 

Эскерте кетсек, 25-февраль күнү Башкы прокуратура Текебаев жана бул ишке тиешеси барларга карата “Паракорчулук” жана "Алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иши орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде козголгон. 

Ал, Альфа Телекомду башкаруу укугуна ээ болуу үчүн депутат Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергендигин билдирген. Мунун негизинде Текебаев менен Чотоновго 27-февраль күнү айып тагылган.