Мегакомду сатуу боюнча аукцион өтпөй калды. Анткени аукционго катышууну каалагандардан арыз түшкөн эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун маалымат кызматы билдирди.
Мегаком компаниясы 2010-жылы улутташтырылган. Буга чейин ишкананы сатып алууну каалоочулар чыкпай койгондуктан аукцион артка жылдырылган эле. Бул ирет "Мегакомдун" баштапкы баасы 13,5 миллиард сомду түзгөн.