Жаңылыктар
Сереп: кризисти ЕАЭБ менен байланыштырбоо керек
Экономика
Сереп: кризисти ЕАЭБ менен байланыштырбоо керек

Кризисти Евразия экономикалык биримдиги менен байланыштырбоо керек. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев ишкерликти жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча жыйында билдирди.

Экономикадагы айрым кыйынчылыктарды адистер өз түшүнүктөрүнө жараша талдайт. Көпчүлүк аларды дүйнөлүк шарт-кырдаалга байланыштырса, Евразия экономикалык биримдигинин кесепети катары карагандар да жок эмес. Өкмөт жарым жылдан ашуун убакыттан берки толук кандуу мүчөлүк Кыргызстанга акырындык менен жемишин берип жатканын, анын пайдасын көбүрөөк сезүү үчүн тиешелүү аракеттер токтобостугуна ишендирет. Ошол эле учурда ЕАЭБдин босогосун аттабаганда абал кандай болот эле деген суроого адистер алгачкы жолу жооп издеп жатышкан жок.

Бийлик Евразия экономикалык биримдигине кошулуу стратегиялык жактан туура кадам болгонун кайталап келатат. Муну премьер-министр Темир Сариев дагы бир жолу бышыктады. Бишкекте өткөн ишкерликти жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча жыйында өкмөт башчы каатчылык менен ЕАЭБди ажыратып кароого чакырды.

Көпчүлүк Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен Орусия,  Казакстандагы кризисти байланыштырып жаңылыш ойлоп жатат. Буларды эки ажыратып  кароо керек. Бардык жаңы түзүлгөн экономикалык уюмдар алгач кыйынчылыкка дуушар болот. Өлкөбүз уюмга дүйнөдө оор окуялар орун алып жаткан учурда кошулду.  Албетте бул аталган биримдиктен күткөн артыкчылыктарга тоскоолдук кылды. ЕАЭБге  кошулбаганда кандай абал жаралат эле деген маселеде талдоо жүргүзүш керек.  Андай шартта каатчылыкты жеңүү кыйынга турмак. Биз туңгуюкта калмакпыз.  Мигранттарыбыз кыйналмак. Андыктан биримдикке кошулуу туура, стратегиялык чечим  болгон.

Бул пикирге бизнес чөйрөсүнүн көпчүлүк өкүлдөрү да кошулат. Экономика жана финансы боюнча эксперт, Жаш ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Умбриэль Темиралиев учурда реэкспорт аксаганын, бирок Кыргызстан ЕАЭБге кошулбаган күндө деле андан пайда болмок эмес деп боолголойт. Азырынча Кыргызстан уюмдун үзүрүн көрүү үчүн анын күңгөй-тескейин үйрөнүү менен алек.

Биримдикке кошулуунун пайда-зыяндарын эсептөө токтоп кала элек. Экономика министринин орун басары Туратбек Жунушалиев ишкерлер үчүн уюмдун мейкиндигинде иш алып барууга жол ачылышын, мигранттарга түзулгөн ыңгайлуу шарттарды уюмга мүчөлүктүн алкагындагы алгачкы жемиштер деп эсептейт.

Ветеринариялык тоскоолдуктарды жоюу учурдагы негизги маселе. Мал чарбасы менен алектенген элет эли дал ушул шарттын жөнгө салынышын күтүүдө. Өкмөт бул багытта аракет көрүп жатат.

Евразия экономикалык биримдигинин күңгөй-тескейлерине жалгыз Кыргызстан гана эмес, уюмга мүчө бардык өлкөлөр талдоо жүргүзүп жатат. Буга чейин Орусиялык эксперттер да, Кремлдин айрым расмий адамдары да ЕАЭБ дүйнөдө абал оорлошуп турган шартта телчигип, каатчылыктын каршылыгына карабай ишин улап кете алды деген баасын беришкен. Астананын да уюмга байланыштуу көз-карашы өзгөргөн жок. Казак президенти Нурсултан Назарбаев 25-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алып, уюмдун келечегине жогору үмүт артаарын белгиледи.

Бул интеграциялык биримдиктин пайдалуулугуна күмөнүм жок.  Анын үстүнө эркин экономикалык аймакты түзүп, уюмга кошулгусу келгендер бар.  Бардыгы артыкчылыктарды көрүп турушат. Кризис келет-кетет. Ал эми потенциал  сакталган бойдон кала берет. Экономикага суроо-талап кылган калктын саны да  өзгөрбөйт. Бул жылы биргеликте активдүү иш алып барабыз.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулаардан мурда ага мүчөлүк кылган өлкөлөр менен узак убакыт сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Улуттук кызыкчылыктарды эске алуу сунушу колдоо таап, артыкчылыктар берилген. Алардын бири катары ишкерликти колдоо үчүн түзүлгөн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түптөлгөн эле. 18-февралда аталган фонддун жетекчилиги жеңилдетилген насыяларды берүү шарттарын жумшартуу чечимин кабыл алды. Мурда 3 миллион сомдон жогору деп белгиленсе, эми ал чекти ылдыйлатуу каралууда. Ошщондой эле насыяны төлөө мөөнөтүн узартуу да каралууда.

Калыгул Асамбаев