Жаңылыктар
Балыкчы шаарында жөө жүргүнчүлөр үчүн таманташ төшөлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчы шаарында жөө жүргүнчүлөр үчүн таманташ төшөлөт

Балыкчы шаарында жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдордун он миң чарчыдай жерине быйыл таманташ төшөлүп, жаңыртылат. Бул үчүн шаардык мэрия таман таштарды чыгарууну колго алды. 

Тагыраак айтканда, брусчатка чыгара турган муниципалдык ишкана түзүлдү. Ишканада сегиз адам эмгектенип, бөлүнгөн каражатка толугу менен керектелүүчү материалдар алынган. 

Бул мекеменин түзүлүшү менен жергиликтүү бюджеттен жылына эки миллион сомго жакын акчаны үнөмдөөгө мүмкүн болууда. Шаар ичиндеги тротуарларды жаңылоо иштери былтыркы жылдан бери активдүү жүрүп жатат. 

Өткөн жылы жалпы эсеп менен жети миң чарчы метрдеги тротуарларга таманташ төшөлгөн. Мындан сырткары бир катар социалдык мекемелердин алды, көчөгө жакын жерлери жаңыланган. Эске сала кетсек Балыкчы шаары боюнча жалпы он жети чакырым тротуар бар.