Жаңылыктар
Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыгынан 2 адам каза болду
Кырсык
Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыгынан 2 адам каза болду

Кечээ, 4-июнда катталган, Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, Токтогул шаарынын Чычкан капчыгайындагы Бишкек-Ош унаа жолунун 239-чакырымында “ДАF” үлгүсүндөгү  оор жүк ташуучу унаа менен “Спринтер” үлгүсүндөгү  унаа кагылышкан. 

Натыйжада «Спринтердеги»   2 (1 аял, 1 эркек) адам жеринде каза болгон жана 2 адам жаракат менен Токтогул шаардык ооруканасына жеткирилген.

Окуя болгон жерде куткаруу тобу барып,   жаракат алган адамдарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, РИИБнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен.