Жаңылыктар
Ысык-Көл: эс алуучулардын ден-соолугуна кам көрүү
Туризм
Ысык-Көл: эс алуучулардын ден-соолугуна кам көрүү

Ысык-Көл облусунда жайкы эс алуу убагына карата камылга кызуу жүрүп жатат. Бирок эс алуу жайларында каралган шарттар жыл санап жакшырып баратканы менен, эс алуучулардын ден-соолугуна кам көрүүдөгү, аларга тез жардам көрсөтүүдөгү абал ич жылытаарлык эмес.Анткени облустун аймагындагы ооруканалар менен аларга бөлүнгөн дары-дармектер, эс алуучуларды эске алганда жетишсиздик кылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова Кореядагы жеке менчик медицина клиникаларына кайрылып, алардын жардамы менен физиотерапия бөлүмдөрү үчүн эң керектүү болгон жабдыктарды алып келди. Бири Талас экинчиси Чүй облусуна берилсе үчүнчүсү Ысык-Көл районуна тапшырылды.
Мындай жабдыктар чынында медицина кызматкерлеринин ишин бир топ жеңилдетет. Бирок мындан да орчундуусу аймакта оорукананын жетишсиздиги болууда. Себеби аймактык бейтапкана жалпы токсон оорунга гана эсептелген. Мындан сырткары дары дармектер да райондун калкына жараша бөлүнөт. Ал эми эс алуучулар эске алынган эмес.

Медицинасыз туризмди өнүктүрүүгө такыр мүмкүн эмес. Бул багытта иш чабал жүрүп жатат. Бирок абалдан чыгуу жолдору бар дешет адистер.