Жаңылыктар
Суусамыр - Талас - Тараз стратегиялык жолунун курулушу уланууда
Экономика
Суусамыр - Талас - Тараз стратегиялык жолунун курулушу уланууда

Суусамыр - Талас - Тараз стратегиялык жолу чет элдик инвесторлордун колдоосу менен былтыр курулуп баштаган. План боюнча чоң жолду жолчулар сентябрь айына бүтүрүп бериши керек. Курулуш жүрүп жатат. Бирок, стратегиялык жолдун төшөлүшү жергиликтүү эл үчүн көйгөйлөрдү жаратууда.Анын бири, Таластын 3 миң гектар эгин талааларын суу менен камсыздаган канал. Суунун көзүн бүтөп коюуга да болбойт. Жашоочулардын мындан башка да көйгөйү бар. Адистердин айтымында, жолчулар бекитилген долбоор боюнча эле иштеп жатышат. 

Бирок, көйгөйлөргө карабастан жолдун курулушу уланууда. Азыр бир кабат бетон төшөлүп бүттү. Жумушту ата-мекендик компаниялар аткарып жатат. Кеңешип кескен бармак оорубайт. Жолдун курулушунда жаралган көйгөйлөр жергиликтүү тургундардын да оюн эске алуу менен чечилет дешет адистер.