Жаңылыктар
Орозо айынын таттууларын жасоонун сырлары
Кыргызстан жаңылыктары
Орозо айынын таттууларын жасоонун сырлары

Ар бир майрамдын өзүнө мүнөздүү азыктары же таттуулары бар. Таттуулар мусулман калкында сыйлуу тамктардын катыран толуктайт. Орозо айынын шириндиктеринин бири болгон нишалланы жасоонун сырын Махамадамин Исмаилов мыкты өздөштүргөн. «Ыйык айда соопчулук үчүн жасайм»,- деген кондитер, бул таттууну 30 жылдан бери жасап, сатат. Нишалла жасоого: кумшекер, жумуртканын агы жана өсүмдүктүн тамыры керектелет. Аралашмаларды кеминде 5 саатка чейин кайнатуу талап кылынат. 

Жумуртканын агын сарысынан бөлүүдө кылдаттык керектелет, антпесе, кошулуп кеткен бир тамчы жумуртканын сарысы нишалланын даамын бузуп коюшу ыктымал. Этияттык менен, жасалган татымдын кардарлары да көп. Айтымдарында, нишалла- ашказанга жеңил сиңүүчү, кайталангыс даамы бар таттуу. Мамадамин Исмаилов нишаалладан башка халва да даярдайт. Бул тамакты даярдоонун да өзүнчө түйшүгү бар. Бирок, халва нишалладан айырмаланып, анча деле көп убакытты сурабайт. Кондитердин айтымында, халва мыкты болуш үчүн - талап кылынган аралашманы жеткиликтүү өлчөмдө кошуу гана жетиштүү.