Жаңылыктар
Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүүдө
Өзгөчө кырдаал
Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүүдө

7-июнга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүүдө. Маалыматтка караганда, бул күндөрү мезгили менен жаан жаап, айрым жерлерде жаан нөшөрлөп жаай турганы маалымдалды. Абанын күндүзгү температурасы дыйканчылык аймактарда +20 +25ке чейин түшсө, тоолуу райондордо +12 градустан жогорулабайт. 

Кээ бир жерлерде каттуу шамал жүрүп, сел каптоо коркунучу жаралат. 

Абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу  республиканын дарыяларында суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.