Жаңылыктар
Жер көчкүлөрдүн катталуусу жогорку чекке жетти
Өзгөчө кырдаал
Жер көчкүлөрдүн катталуусу жогорку чекке жетти

Быйыл жер көчкүлөрдүн жүрүүсү рекорддук көрсөткүчтү жаратты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Ага ылайык, 1990-2016-жылга чейин 518 жер көчкү катталса, 2017-жылы 5 айдын ичинде 158 жер көчкү катталып, 9 жылдык көрсөткүчкө тете болду.

Мындан тышкары, бул жылы 5 айдын ичинде 34 адам жер көчкүдөн өз өмүрлөрү менен кош айтышкан. 

Учурда 5146 үй бүлө кооптуу аймакта жашап жатканы айтылат.