Жаңылыктар
Жалал-Абад-Казарман унаа жолундагы жер көчкү
Өзгөчө кырдаал
Жалал-Абад-Казарман унаа жолундагы жер көчкү

Сузак районунун Курманбек айыл аймагындагы Жалал-Абад-Казарман унаа жолуна 4-июнь күнү 10000 м3 жер көчкү түшкөн. Жер көчкү “Альфа-Телеком” ЖАК балансындагы узундугу 350 метр байланыш кабелин үзүп, жараксыз абалга келтирди. 

Ушул эле, Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 49-51-чакырымдарына 650-700 миң м3 жер көчкү 27-май күнү да түшкөндүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 14-октябрында райондук мамлекеттик администрация тарабынан аталган унаа жол расмий түрдө жабылган.