Жаңылыктар
"КР эл артисти" ардактуу наамы Шакеева, Ниязов жана Сапаралиевдерге ыйгарылды
Маданият
 "КР эл артисти" ардактуу наамы Шакеева, Ниязов жана Сапаралиевдерге  ыйгарылды

Кечээ, 5-июнда Президенттин социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык бир катар тармактын өкүлдөрү ар түрдүү даражадагы сыйлыктарга, наамдарга ээ болушту.  

Мындай сыйлык алгандардын арасында кыргыз маданиятынын тармагында тээ совет доорунан бери эмгектенип, бирок наамдары жок жүрүшкөн улуу муундун өкүлдөрү да илиништи.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамдарына татыктуу деп,  Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын артисти, куудул, сатирик Келдибек Ниязов,  Кыргыз Республикасынын театралдык ишмерлер союзунун мүчөсү, эстрада ырчысы Алтынбек Сапаралиев жана Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияга караштуу К.Орозов атындагы эл аспаптар орестринин солит-вокалисти Зейнеп Шакеевалар татыктуу болушту.