Жаңылыктар
Кара-Кече жылуулук борборун куруу боюнча сынак март айында башталат
Экономика
Кара-Кече жылуулук борборун куруу боюнча сынак март айында башталат

Өкмөт Кара-Кече жылуулук борборун куруу боюнча сынакты март айында баштайт. Бул станциянын кубаттуулугу Токтогул ГЭСи менен барабар болору пландалууда. Азыркы  тапта тендерге катышууну каалаган чет элдик компаниялардын саны 10го жеткен. 

Белгилүү болгондой, Кара-Кече кенин ишке киргизүү менен өкмөт бардык социалдык мекемелерди газ жана көмүргө өткөрүүнү пландап жатат. Андыктан  Кара-Кечени толук иштетүү демилгеси Балыкчы - Кара-Кече темир жолун куруу, кенди комплекстүү иштетүү жана Жумгалда жылуулук электр станциясын курууга байланыштуу көтөрүлгөн. Кенге жакында тендер жарыяланып, кубаттулуугу 1200 мВка жеткен Жылуулук электр борбору салынуусу пландалып жатканын Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директорунун орун басары Адылбек уулу Шумкарбек маалымдады.

Бул ири инвестициялык долбоорду ишке ашырууга болжол менен 2,5 млрд долларга чейин инвестиция тартылышы керек. Ал эми Кара-Кече жылуулук станциясынын курулушуна жалпысынан 1 млрд. 200 млн. АКШ доллары жумшалаары эсептелип чыккан. Геология жана минералдык рессурстар мамлекеттик агенттигинин  директору Дүйшөнбек Зилалиев Кыргызстанда алгачкы жолу ири  инвестициялык сынак жарыяланып жатканын,  жараян коомчулуктун катышуусу менен  ачык-айкын өтөөрүн убада кылат.

Кара-Кече жылуулук борборун куруу бул эл аралык сынак болуп жаткандыктан ал эки этап менен өткөрүлөт. Биринчи этап 1-мартта башталып, 45 күндүк мөөнөткө созулат. Бул убакыт аралыгында ири инвесторлордон арыздар келип түшөт жана алар кен тууралуу бардык документтерин даярдашат. 45 күндөн киийн он күн аралыгында инвесторлордун даярдаган документтери такталып, каралып чыгат. Андан соң төрт ай аралыгында катышкан команиялар алдын-ала техника-экономикалык негиздемесин даярдап бериши керек. Ал эми экинчи этапта болсо, ошол техника-экономикалык негиздемелерди комиссия карап, жеңүүчүнү аныктайт.