Жаңылыктар
Японияда ысыктын айынан ооруканага түшкөндөрдүн саны миңден ашты
Дүйнө
Японияда ысыктын айынан  ооруканага түшкөндөрдүн саны миңден ашты

Япониянын көпчүлүк аймагында күндүн катуу ысышы миңдеген тургундардын ооруканасына түшүшүнө себепчи болду. Ысыкка урунган адамдардын көпчүлүгүн улгайгандар түзүүдө. Бул тууралуу чет элдик булактар жазып чыгышты. Кескин көтөрүлгөн күндүн ысыгы бир жумадан бери 30дан  ашык шкаланы көрсөтүүдө. 

Японияда 1 жыл мурун дагы кун катуу ысып,  катуу ысыкты көтөрө албай  жүздөгөн адам каза болсо, миңдеген адамдар ооруканага жаткырылган. Ошондуктан, врачтар тургундарга ысыкта көпкө кармалбай, сактанууну эскертип жатышат.