Жаңылыктар
Кабулдагы террактта курман болгондордун саны 150дөн ашты
Дүйнө
Кабулдагы террактта курман болгондордун саны 150дөн ашты

Ооганстан президенти Ашраф Гани 31-майда Кабулдагы май куючу оор машине жарылган чабуулдан өлгөндөрдүн саны 150дөн ашканын, ал эми 460 адам ар кандай жараат алганын айтты.

“150дөн ашуун бейкүнөө оогандыктар өлтүрүлдү, 460 киши колу-бутунан ажырап, денеси күйүп ооруканаларга түштү”, - деди Гани 6-июнда Кабулда башталган эл аралык конференцияда.

Буга чейин ооган бийликтери Кабулдагы террордук чабуулда өлгөндөрдүн саны 90дон ашканын жана 2001-жылы Талибан кулатылгандан бери ооган баш калаасында болгон эң кандуу чабуул экенин билдирди.

Кабулдун элчиликтер жайгашкан районунда болгон чабуулда колдонулган жүк ташуучу унаага “аскерий максатта” колдонулган жардыргыч заттар толтурулганын ооган президенти белгиледи.

Гани машинени андан ары өткөрбөй, жолун бөгөп курман болгон 13 полиция кызматкеринин эрдигин баалады.

Кабулдагы чабуулду азырынча эч бир топ моюнуна ала элек.