Жаңылыктар
КТРКга байланыштуу мыйзам боюнча коомдук угуу болуп өттү
УТРК жаңылыктары
КТРКга байланыштуу мыйзам боюнча коомдук угуу болуп өттү

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук угуу болуп өттү. Мыйзам долбоору буга чейин парламентте биринчи окууда каралган болчу. 

Жыйынга каналдын мыйзамына алымча кошумча киргизүүнү демилгелеген депутаттардын бири Аида Касымалиева, көз карандысыз эксперттер, жеке канал өкүлдөрү жана Коомдук каналдын байкоочу кеңешинин мүчөлөрү менен башкы директор Илим Карыпбеков катышты. 

Оңдоп-түзөө мыйзамдагы кайталанма беренелерди жоюп, аны менен бирге замандын талабына ыңгайлашууга багытталган. Коомдук угууда жаңыланган мыйзам парламентке сунушталып эл өкүлдөрүнүн элегинен өтмөкчү.