Жаңылыктар
Элеттик айымдарды колдоо максатында долбоор ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Элеттик айымдарды колдоо максатында долбоор ишке кирди

Өлкөнүн Чүй, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарынын айымдары айыл чарба өндүрүшүн жогорулатып, турмуш тиричилигин оңдоп алууга мүмкүн болду. Бул аракеттер Бириккен улуттар уюмунун атайын улуттук долбоорунун негизинде 2014-жылдан бери ишке ашырылып келет. 

Долбоор 5 облустун 73 айылында сыноо иретинде иштеп жатат. Анын алкагында элеттик айымдар чакан бизнесин ачып, жамааттарга биригип, өз алдынча ишкерчилигин илгерилетип жаткандары да бар. Жыйынга элетте чакан ишканаларды иштетип жаткан айымдардын колунан жасалган тамак-аш, сүт, кондитер азыктары жана кол өнөрчүлүк буюм-тайымдар коюлду. Элеттик айымдардын айтуусунда мындай долбоорлор эң негизгиси жумушсуздук маселесин чечти.

“Бул долбоор Кыргызстан менен кошо 7 мамлекетте ишке ашырылып жатат. Бул 7 мамлекеттин ичинен Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашты",- деди долбоордун улуттук координатору Жыпара Турмаматова.

“Болот экен максат коюп аялдарды үндөп жакшы жакка бурса эле жакшы жетишкендикке жетишет экен",- дейт Нарын облусунун Майрам Туйтеева.