Жаңылыктар
Жемкорлукка каршы күрөш
Коррупция
Жемкорлукка каршы күрөш

Өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматынын коррупцияга каршы иштеген аракеттерин канааттандыраарлык эмес деп тапты. Мындай чечим өкмөттүн Мамлекеттик каттоо кызматындагы туташ коррупцияны жоюу багытындагы ишин талкуулаган жыйынында кабыл алынды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мекемедеги жемкорлукту жоюу аракеттери үстүртөн гана жүргүзүлгөндүктөн натыйжалуу жыйынтык жок экенин билдирди. Мындан улам бир аптанын ичинде мекеменин бөлүм башчыларына жана башкармалыгынын башчыларына карата катаал чараларды көрүү тапшырылды. 

Мамлекеттик каттоо кызматындагы туташ коррупцияны жоюу боюнча баскыч-баскычы менен ишке аша турган иш чаралар Коргоо кеңешинин жумушчу тобу тарабынан эки жыл мурда бекитилген. Каттоо кызматындагы жемкорлуктун тобокелчиликтерин жоюуга башка мамлекеттик органдар менен биргеликте үч айдын ичинде баш аягы 23 коррупцияга каршы иш чараларды өткөрүү керек болчу-дейт Өкмөт аппаратынын коррупцияга каршы саясат бөлүмүнүн башчысы. Бул аралыкта коррупцияга каршы иш чараларга карата эки мониторинг жүргүзүлгөн.

Өкмөт башчы жемкорлук мамлекеттин иш алып баруусуна бут тоскон көрүнүш экенин ырастап, мамлекеттик кызматтын ачык жана сапаттуу тейлениши жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишеничин жогорулатаарын белгиледи. Мындан улам мамлекеттик кызматты сунуштаган негизги органда коррупциянын көрсөткүчү төмөн болушу кажет -деди премьер-министр. Сооронбай Жээнбековдун айтуусунда натыйжалуу жыйынтыктын болбогону мекемедеги жемкорлукту жоюу аракеттери үстүртөн гана алсыз жүргүзүлгөндүгүн көрсөттү. 

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Күмүшбек Шамканов мекемедеги коррупциялык системаны жоюу боюнча бардык кемчиликтер менен сунуштар эске алынаарын билдирди. 

Мындан улам өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматынын коррупцияга каршы иш чараларды жүзөгө ашыруу боюнча ишин канааттандыраарлык эмес деп таап, бир аптанын ичинде коррупциялык иш чаралар Планын жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын борбордук аппаратынын башкармалыгынын, бөлүмдөрү менен түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата катуу тартиптик чараларды көрүү тапшырылды. Ошондой эле бир айлык мөөнөттө коррупцияны жоюу боюнча иш чаралардын аткарылышы боюнча маалымат берүү милдеттендирилди.