Жаңылыктар
Өзгөн: ар улуттагы элдердин бир күндүк жашоосу
Аймак
Өзгөн: ар улуттагы элдердин бир күндүк жашоосу

Өзгөн шаары байыркы гана болбостон, ар улуттагы элдер жашаган достуктун шаары катары да белгилүү. Бул шаарда 50дөн ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. 

Өзгөн шаарынын тургуну Бабамурад Базарбаев Кызыл-Тоолук кыргыз кызы Элнурага баш кошкон. Студенттик кезден башталган достук мамиле барып, турмуш жолуна бирге аттанууга жеткирген. Бирге түтүн булаткан 12 жыл аралыгында жубайлар бир кыз, үч уулдуу болушту. Чоочун үйгө, жат улутка келин болуу Эльнура үчүн оорго турган жок. Кайын журтунун жаш келинге болгон сый -урмат мамилеси аны бул үйгө бат эле аралаштырып алды.

Ар улуттан куралган үй-бүлөлөр бул шаарда четтен табылат. Маселен, ушул эле шаардагы 1,5 миң калк жашаган Пайзавод көчөсүндө эле ондон ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Мындагы жашоочулар чогуу арык тазалап, кезектешип мал кайтарып, бир дастаркондо ифтарга чогулуп, балдары бир мектепте билим алышып, баардык тиричилиги чогуу өтөт. Жыл өткөн сайын кыргыз менен өзбек куда күтүп, эки улуттан куралган үй-бүлөлөрдүн саны арбып барат. Алсак, мындан 7 жыл мурда улуттар арасында баш кошкондордун саны Өзгөн району боюнча 10 гана болгон. Бул көрсөткүч азыр 6 эсеге өскөн.

Аймактык жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнүн адистеринин билдирүүсүндө, ар улуттагы жаштардын баш кошуулары жыл сайын өсүү үстүндө. Соңку үч жылдын ичинде эки башка улуттан баш кошуп,түтүн булаткан жаштардын саны 200гө жеткен. Ажырашкандардын саны дээрлик жокко эсе.