Жаңылыктар
Википедиячылардын башында турган Ч. Сааданбеков “Даңк” медалы менен сыйланды
Маданият
Википедиячылардын башында турган Ч. Сааданбеков “Даңк” медалы менен сыйланды

Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Алардын бири «Википедиянын» кыргыз тилиндеги версиясын өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча долбоордун жетекчиси, «Биздин мурас» коомдук фондунун директору Чоробек Сааданбеков “Даңк” медалы менен сыйланды.

Чакан кеңсе, саналуу жумушчулар. Анын экөөсү дайыма ушул үстөлдө эмгектенсе, калгандары практикага келип кетип турган студенттер же ыктыярчылар. Жумуш компьютер жана интернет менен байланыштуу болгондуктан, топтун башка мүчөлөрү үйүндө же чет өлкөдө отуруп дагы өз жумуштарын жасай беришет. Чоробек Сааданбеков башында турган кыргызча википедиячылар бүгүнкү күндө викитранслейт долбоорун ишке ашырып жатышат. Сааданбеков башында турган жөнөкөй жигиттер 2009-жылы википедияга алгачкы кыргызча академиялык макалаларды жайгаштырып башташкан. 

Гугл транслейт менен википедияны чогуу иштетүү, акыркы технология - жасалма интеллектиге алып барат. Эгер кыргыз тили бул котормо программасына кирип калса, англис, кытай жана орус тилдерин кыргызчалоо түз болуп, сапаты жакшырат дейт Сааданбеков. Жети-сегиз жылда дүйнөлүк маалыматтарды кыргызчалоо бир топ өнүктү. Кыргызча онлайн сөздүк, онлайн котормонун иштеши менен википедияда кыргызча макалалардын саны көбөйдү. Жыл соңуна чейин 20 миң макала жайгаштырылат, азыр википедияда 66 миң кыргызча макала бар. Кыргызча макалалардын көбөйүшү, аны окугандардын да санын өстүргөн. Мисалга, бир айда эле бир миллион 300 миң окурман википедиядан кыргызча макалаларын окуйт. Анын басымдуу бөлүгү мобилдүү телефондон киришет. 

Википедиячылардын башында турган Чоробек Сааданбековдун тобуна кошулуу сыймык экенин мында иштегендер айтышат. Дүйнөлүк маалыматтарды кыргызчалап, котормого салым кошкон Чоробек Сааданбековдун эмгеги мамлекет башчы тарабынан жогору бааланып, “Данк” медалы менен сыйланды. Эми википедиячынын Данк медалы колуна тийгенде аны тастыктаган сертификат кеңсенин дубалына илинген баалуу сыйлыктардын башкы сабынан орун алат.