Жаңылыктар
Ош: аялды унаа сүзүп кетти
Кырсык
Ош: аялды унаа сүзүп кетти

Бүгүн, эртең менен саат 07:00 чамасында Ош шаарындагы А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Жылдызча» бала бакчасынын жанында бара жаткан аялды унаа сүзүп кетти. Жабырлануучу кырсык болгон жерде көз жумган. Каза болгон 40 жаштагы аял жогоруда аталган бала бакчада иштечү.

Күбөлөрдүн айтуусунда, «Ниссан» унаасы жөө бара жаткан аялды сүзүп, жөө жүргүнчү андан ыргып барып, «Тойота Авенсис» унаасына урунган.

Учурда «Ниссан» унаасынын айдоочусун кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Кошумчалай кетсек, бул аймакта жол кырсыктары көп катталып келген.