Жаңылыктар
Ош облусунда бөлүнгөн жерлер тургундарга бериле элек
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунда бөлүнгөн жерлер тургундарга бериле элек

Ош облусундагы Нариман айыл өкмөтүндө турак-жай үчүн деп бөлүнгөн 20 гектардай жер тургундарга берилбей келет. Анткени жаңы шайланган айыл өкмөт башчысы аны толук  текшерип чыгуу керек деп турат. Бул иш Жогорку Сотко чейин жетип, чечим эл тарапка чыгарылган. Учурда райондук иликтөө комиссиясы да ишин баштады. Анын  жыйынтыгы кандай болоору азырынча белгисиз. Тургундар болсо, жер тилкелерин  эртерээк беришсе жакшы болот эле дешүүдө. 

Белгилей кетсек, турак-жай үчүн деп бөлүнгөн жер боюнча маселе облустук сотто да каралып, чечим элдин пайдасына чыгарылган. Андан ары жогорку сот дагы жер тилкелерин мыйзамдуу деп тапты. Эми жогорку соттун чечими да бир жуманын ичинде күчүнө кирет. Бирок анткен менен айыл өкмөт башчы жер тилкелердин документтештирилиши тыкыр иликтенээрин билдирүүдө.