Жаңылыктар
Окуучулар үчүн мектеп лагерлери уюшулду
Билим
Окуучулар үчүн мектеп лагерлери уюшулду

Окуучулардын жайкы эс алуусу үчүн мектеп лагерлери уюшулду. Каникул учурунда балдар аталган лагерде  эртеден кечке ар кандай интерактивдүү оюндарды ойноп, ийримдерге катышып күн кечирет. 

Бул жерде  балдардын тамактануусу үчүн да шарттар түзүлгөн. 

Мындан сырткары өлкөнүн аймактарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана  мыкты окуган окуучуларды Ысык-Көлдөгү лагерлерге жөнөтүү чарасы да каралган. 

Балдардын жайкы эс алуусу ойдогудай өтүш үчүн  билим берүү жана илим министрлиги бюджеттен 5 миллионн сом бөлгөн.