Жаңылыктар
Жогорку окуу жайды 62 миң окуучу бүтүрдү
Билим
Жогорку окуу жайды 62 миң окуучу бүтүрдү

Быйыл жогорку окуу жайды 62 миң окуучу бүтүрдү. Алардын көпчүлүгү юрист, экономист жана эл аралык байланыштар тармагын тандап алгандар. Бирок белгилүү болгондой эле Кыргызстанга мынчалык көп адистер талап кылынбайт. 

Ошондуктан бул  маселени жоюу үчүн билим берүү министрлиги орто кесиптик окуу жайларга жаштардын агылуусуна басым жасашы керек. 

Анткени эксперттер Кыргызстанга орто кесиптеги адистер керек экенини айтып келишет. 

Мындан тышкары, эксперттердин айтымында  билим берүү министрлиги жыл сайын кайсыл кесипкөйлөр өлкөгө керек экендиги жөнүндө мониторинг жүргүзүп, ошого жараша жаштарга сапаттуу билим берсе,  билим алгандардын басымдуу бөлүгү жумуш менен камсыз болот. Ал эми бийлик өкүлдөрү жаштардын айлык маянасын көтөрүү тууралуу көйгөйдү чечсе чет жакка агылган жаштардын саны азаят дешет.