Жаңылыктар
ӨКМ 7-июнда катуу шамал болоорун эскертет
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ 7-июнда катуу шамал болоорун эскертет

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. 7-июнда Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар түшүүсү, ал эми кээ бир райондордо ылдамдыгы секундасына 17ден 22 метрге чейин жеткен катуу шамал болушу күтүлүп жатат. 

Синоптиктердин айтымында, абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарында 20…25 градус, тоолуу райондордо 7…12 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо нөлдөн…5 градуска чейин жогорулайт. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантып, ал эми жайыттарда мал-жанды кармоону кыйындатарын билдирди.