Жаңылыктар
Эрбол Атабаев учурда "Кастельдефельс" клубунда ойноодо
Спорт
Эрбол Атабаев учурда "Кастельдефельс" клубунда ойноодо

Эрбол Атабаев учурда "Кастельдефельс" клубунун U16 курамында ойноодо. Бул команда Испаниянын 4-дивизионунда катталган. Мекендешибиз аталган клубтун жарым коргоочусу позициясында майдан талаасына чыгып келет.

Бул команданы Эрик Барраган аттуу мырза машыктырат.

"Кастельдефельс" клубу Каталония аймагындагы  Баш-Льобрегат районуна карайт.

Маалым кыла кетсек, 2016-2017-сезондо «Кастельдефельс» U16  командасы 30 турда 41 упай топтогон (11 жеңиш, 8 тең чыгуу жана 11 жеңилүү).

Атабаев10-номер менен 18 беттеште негизги курам менен оюн талаасына чыккан. 

Эске сала кетсек, 2012-жылы Э.Атабаев «Барселона» футболдук клубка өткөн. 2014-жылы академияны аякташы менен «Каталониянын» үчүнчү командасы «Оспиталетке» өткөн.

Ал эми 2013-жылы Эрбол «Гава» клубунда ойногон. 

"Кастельдефельс" футболдук клубунун расмий сайтында Эрбол Атабаев жарым коргоочулардын тизмесинде катталган.