Жаңылыктар
Президент Улуттук онкология борборун оңдоо боюнча кеңешме өткөрдү
Ден соолук
Президент Улуттук онкология борборун оңдоо боюнча кеңешме өткөрдү

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборун оңдоо жана модернизациялоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Анда борборду модернизациялоо максатында онкология ооруларын эрте аныктоо үчүн заманбап диагностикалык жабдуулардын комплексин алуу, нур терапиясы үчүн заманбап аппараттар менен жабдуу пландалып жаткандыгы айтылды. 

Бул онкологиялык кеселге чалдыккан оорулууларды атайын нур менен толук көлөмдө дарылоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле, Улуттук онкология борборунун операция блогун жана реанимациясын заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу каралган. Оор кеселге чалдыккан адамдарды дарылоо шарттарын жакшыртуу боюнча мындан ары чараларды көрүү зарылчылыгын баса белгилеп, президент Алмазбек Атамбаев каржылоо маселелерин кечиктирбей өз убагында чечүү, имаратты реконструкциялоо жана оңдоо иштерин ыкчам аяктоо, ошондой эле 2017-жылдын 1-октябрына чейин Улуттук онкология борборун керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.