Жаңылыктар
Бүгүн Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү
Экономика
Бүгүн Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү

7-июнь - Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө финансы жана экономика кызматкерлеринин кошо турган салымын баса белгилеп, аткарган иштерин оптималдаштыруу максатында 2003-жылы КР өкмөтү тарабынан бекитилген.

Белгилей кетсек, 2003-жылга чейин КР финансы-экономика кызматкерлеринин күнү эки ирет бекитилген. Алсак, 1998-жылы 10-декарда, ал эми 2001-жылы ноябрдын акыркы жекшембисинде белгилөө каралган.

Бул маанилүү финансы-экономика системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  куттуктады.

"Өлкөнүн жана анын жарандарынын экономикалык жана финансылык бакубаттыгы көп жагынан финансы тармагынын ишинин натыйжалуулугунан көз каранды. Кыргызстандын финансы-экономика рыногунда бирдиктүү мамлекеттик саясаттын ийгиликтүү ишке ашырылышы, мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин көбөйүшү, казына системасын ийгиликтүү тейлөө сиздердин ак ниет эмгегиңердин үзүрү болуп саналат”, - деди өкмөт башчы өз куттуктоосунда.