Жаңылыктар
Тыныбекова мыкты 3 балбандын катарына кирди
Спорт
Тыныбекова мыкты 3 балбандын катарына кирди

Дүйнөлүк күрөш бирикмеси кыздар күрөшү боюнча жаңы рейтингин жарыялады. Бул көрсөткүчтө Айсулуу Тыныбекова ­­3-орунга жазылды.

Эске сала кетсек, Тыныбекова ушул жылы Индияда Азия чемпиондугун багындырган. Ошондой эле Баку шаарында өткөн Ислам тилектештик оюндарында 58 килограмм салмак чен бирдигинде чемпион аталган.

Рейтингдин сап башында япониялык Каори Ичо турат. Экинчи сапта Африка чемпиону тунистик Марва Амри жазылды.

58 килограммга чейинки салмактагылар:

1. Каори Ичо (Япония) – Риодо өткөн Олимпиадада 1-орунду ээлеген
2. Марва Амри (Тунис) – "Африка 2017" чемпионатында 1-орунду ээлеген
3. Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан) – "Азия 2017" чемпионатында 1-орунду ээлеген
4. Валерия Коблова-Жолобова (Россия) – "Klippan Open 2017" турниринде 1-орунду ээлеген
5. Сакши Малик (Индия) –"Азия 2017" чемпионатында 1-орунду ээлеген (60 кг)