Жаңылыктар
Орусиядагы мигрант айдоочулар жумушсуз калышты
Кыргызстан жаңылыктары
Орусиядагы мигрант айдоочулар жумушсуз калышты

1-июндан баштап Орусияда коомдук транспорттордо жана эл ташыган такси кызматтарында эмгектенген кыргызстандыктар жумушсуз калышты. Буга Оруссиядагы “Жол кыймылынын коопсуздугу” деп аталган федералдык мыйзамдын күчүнө кириши себеп болду. Анда чет өлкөлүк айдоочунун күбөлүгү менен Орусия аймагында транспорттук каражаттарды башкарууга тыюу салынган. Мыйзам транзит менен жүк ташыгандарга жана жеке автоунаа ээлерине тиешеси жок.

Беш күндөн бери транспорт айдап ишкерчилик кылган кыргызстандыктар ишсиз. Бир тобу эл ташыган автобус, кичи автобустарды, көпчүлүгү фирмаларда такси айдап, унаасынын же кыргызстандагы кредитин жабышчу. Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү жарабай турганын алар ошол күнү билишкен. Алардын бири Москвада иштеген мекендешибиз Алтынбек Эргешев менен скайптан байланыштык.
“Биз билбей калдык. Бажы биримдигине киргенден кийин алмаштырууга кажет болбойт деп айтышкан эле...”,- дейт ишкер Алтынбеков Эргешов.  
Жолдогу коопсуздукту камсыз кылуу максатында Оруссия аймагында чет элдик айдоочунун күбөлүгүнө тыюу салган мыйзамды Орусия 2013-жылы кабыл алган. Бирок көптөгөн кайрылуулардан кийин мыйзамдын иштөө мөөнөтү 2017-жылдын 1-июнуна жылдырылган. Бул аралык ичинде чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде айдоочулук менен алектенген кыргызстандыктар улуттук айдоочулук күбөлүктү Орусиянын күбөлүгүнө алмаштыруусу керек болчу.