Жаңылыктар
Кыргызстан Сириядагы согушту токтотуунун аракеттерин колдойт
Дүйнө
Кыргызстан Сириядагы согушту токтотуунун аракеттерин колдойт

27-февралдан тартып Орусия менен АКШнын президенттери ортосунда, Сириядагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну Кыргызстан колдойт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

27-февралдан тарта ок атууну токтотолу деген демилгени Вашингтон менен Москва биргелешип жарыялаган. 22-февралда чыккан биргелешкен билдирүүдө бул келишим "Ислам мамлекети" аталган террордук топко, "Аль-Каида" менен байланышкан "Аль-Нусра Жебхат" жана башка Бириккен Улуттар Уюму тарабынан террордук уюмга тиешеси жок экени айтылат. 

Эки өлкөнүн Сириядагы кризисти жөнгө салуу максатын көздөгөн кадамдарына Кыргызстан туура деп баа берүүдө. Ошондой эле тышкы иштер министрлиги өнөктөш өлкөлөр жана өлкө эли ок атууну токтотуу боюнча келишимди колдоп, бардык нерсе диалог жолу менен гана чечилээрине үмүт артат. 

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, АКШ менен Орусиянын бул макулдашуусу Сириядагы абалды жеңилдетип, кан төгүүнү токтотууга шарт түзөт деген ишеним жогору.