Жаңылыктар
Этностор аралык мамилени бекемдөө концепциясы толугу менен ишке ашты
Кыргызстан жаңылыктары
 Этностор аралык мамилени бекемдөө концепциясы толугу менен ишке ашты

Улуттар ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун салымы чоң. Элдин биримдиги демекчи. Этностор аралык мамилени бекемдөө багытында кабыл алынган концепция толугу менен ишке ашты. Бул тууралуу Кыргызстан элдер ассамблеясынан билдиришти. Документ мындан төрт жыл мурун кабыл алынып, анын башкы максаты- элдер ортосундагы ынтымакты чыңдап, мамлекетте туруктуулукту камсыздоонун башатын түзүү болчу. 

Эл биримдигин жана этностор аралык мамилени бекемдөө концепциясын даярдоо 2010-жылдагы кандуу окуялардан кийин дароо башталып, 2013-жылы атайын президенттин жарлыгы менен кабыл алынган. Ал үч негизги багыттан туруп, эң башкысы жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруу болгон. Мындан сырткары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана улут аралык мамилелерди укуктук жактан жөнгө салуу камтылган.


Концепциянын алкагында акыркы төрт жыл ичинде эбегейсиз иштер жасалды. 2010-жылдан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча атайын агенттик түзүлгөн. Бул багытка бюджеттен 200 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп, ынтымакты бекемдөө, мамлекеттин туруктуулугу жаатында жүздөгөн иш-чаралар уюштурулган.
Иш-чаралар маңыздуу жыйынтыктарды бергенин Кыргызстан элдер ассамблеясынан да белгилешет. Бирок эл биримдиги маселесинде жумушту жыйынтыктап, чекит коюу деген түшүнүк болбошу керек. Ынтымакты чыңдоо багытында азыр ири көлөмдөгү тапшырмалар турат.

Өлкөбүзгө ынтымак, биримдиктин бекемделиши жарандардын да талыбаган аракеттери менен келгенин адистер белгилешет. Көп улутуу үй бүлө куруу, тыгыз алака катыштын бардыгы эле туруктуулукту камсыз кылууга салымын кошту.
Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилени бекемдөө концепциясы өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын негизинде кабыл алынган. 2013-2017 жылдар аралыгында бул документте камтылган милдеттер татыктуу аткарылды, эми элдер биримдиги концепциясы 2040-жылга чейинки жаңы стратегияда дагы орун аларынан шек жок.