Жаңылыктар
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун энциклопедиясы жарык көрдү
Маданият
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун энциклопедиясы жарык көрдү

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын утурулап “Айтматов энциклопедиясынын” 3 томдугу жарык көрдү. Биринчи ирет жарык көргөн энциклопедияны Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы түздү. Анын бет ачары Улуттук илимдер академиясында Айтматовдун жакындары, академик, коомдук ишмерлердин катышуусунда өттү. 

Улуттук илимдер академиясынын зала конокторго толду. Конокторду эшик астынан улуттук кийим кийген мырзалар менен айымдар кол чаап тосуп алып жатышты. Бир тарабы Айтматовдун үй-бүлөсүнө, чыгармачылыгына тиешелүү сүрөт көргөзмө, бир тарабы Айтматовдун элеси түшүрүлгөн скульптуралар жана улуу жазуучунун дүйнөнүн бир канча тилине которулган чыгармалары. Китеп көргөзмөнүн эң башында Айтматов энциклопедиясынын 3 томдугу орун алган.


Энциклопедиянын бет ачарына Айтматовдун жакындары, академиктер, коомдук ишмерлер катышты. 3 томдукту Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы түзүп, жазуучунун чыгармачылык инсандар тууралуу айткандары жана Айтматов тууралуу замандаштарынын эскерүүлөрү, пикирлери, Айтматов атындагы мектептер, клубдар, академиялар, институттар, илимий-маданий борборлор, борттор, учактар жазылды.

Айтматов жыйнагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Улуттук программанын алкагында илимдер академиясынын Чынгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту тарабынан даярдалган. Энциклопедияны даярдоо белгилүү айтматовтаануучу, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси жана жетекчилиги менен ишке ашты.
Айтматов жыйнагынын 3 томдугу азыр 500 эксземплярда чыкты. Келечекте санын көбөйтүлүп, башка тилдерге которулат дешет айтматов таануучулар.