Жаңылыктар
Ар аймактан алынган уникалдуу белдемчилер көргөзмөгө коюлду
Маданият
Ар аймактан алынган  уникалдуу белдемчилер көргөзмөгө коюлду

Бишкекте Кыргызстандын түрдүү аймактарынан алынган 40 уникалдуу белдемчи көргөзмөгө коюлду. Буга чейин белдемчиге арналган иш-чаралар дээрлик өткөн эмес. Мында уз-чеберлер белдемчилердин аймактар жана уруулар аралык өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти. 

Баркыт, тукаба, нооту жана башка кездемелерден этеги жазы, жогорку бөлүгү кууш, кашат коюлуп эки учалуу тигилген белдемчи. Аялдар белдемчини жазда, куздө жана төрөгөндө тартынат. Ал жаңы төрөгөн аялзатын суук тийүүдөн сактайт. Белдемчинин жээктери саймаланып, чачыланып кооздолуп тигилет.

Кыргызстандын чар тарабынан келген айымдар өздөрүнүн көптөн бери сактаган белдемчилерин кийип чыгышты. Белдемчини даңазалаган иш-чаралар буга чейин дээрлик өткөн эмес. Алгачкы көргөзмөдө 44 уникалдуу белдемчи коюлду.

Ар кайсы аймактын белдемчилери бычымы, тигилиши, кооздолушу, кездемесинен жана түстөрдүн айкалышы менен айырмаланып турат. Иш-чара Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде өттү. “Кийиз дүйнө” долбоорунун өкүлдөрү 7 облустун белдемчилерин изилдеп чыгышып, чоң энелердин сандыгында катылган белдемчилерди жыйнашкан.
Буга чейин элечекти даңазалаган иш-чаралар өткөрүлгөн. Уюштуруучулардын айтымында, кыргыздын улуттук кийимдерин даңазалаган иш-чаралар мындан ары да улана берет.