Жаңылыктар
Мьянма: учак кырсыгынан 122 адам курман болду
Дүйнө
Мьянма: учак кырсыгынан 122 адам курман болду

Кечээ, 7-июнда Мьянманын түштүк аймагындагы Мьей шаарынан Янгон шаарына жөнөгөн учак кырсыкка кабылып 122 адам курман болду. 

Учакта 15 жаш бала, 35 аскер кызматкери жана 12 экипаж мүчөлөрү болгон. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө таянып, чет өлкөлүк басылмалар жазып чыкты. Учак Андаман деңизинин үстүндө учуп баратып, Товай шаарынын чыгышынан 32 чакырым алыстыкта радардан чыгып кеткен. Жүргүнчүлөр аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү болгон, аскерлердин маалыматы боюнча алардын көбү Янгонго медициналык текшерүүдөн өтүүгө баратышкан. 

Учактын кыйроо себептери азырынча белгисиз.