Жаңылыктар
Аксыдагы кырдаал курч бойдон калууда
Өзгөчө кырдаал
Аксыдагы кырдаал курч бойдон калууда

Аксы районундагы Авлетим дарыясы нугунан ашып, сол жээгиндеги күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жерге жетип калгандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Нөшөрлүү жаандан Падыша- Ата, Итагаржана Авлетим дарыяларында суу ташкындап, бир катар айылдардагы инфраструктураны жабыркаткан. Ал эми, Авлетим айылындагы Бүркүт участкасында болсо Авлетим дарыясынын нугу жээкти жеп, сол жээгиндеги күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жерге жетип калды. Тийиштүү техникалардын жардамында бүгүнкү күндө жээк бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. 


Ошондой эле, Аксыда сел сууларынын курчоосунда калган 5 үй-бүлө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан куткарылды. Авлетим айыл аймагында 6-июнь күнү жааган жамгырдын кесепетинен Тегирмен-Сай айылындагы Бузурман-Сай сел сайынан келген сел суулары өз нугу менен акпастан, Авлетим-Товар-Сай ички чарбалык унаа жолу менен агып, жол боюнда жайгашкан турак жайларды жана ички чарбалык унаа жолду каптаган.

Сел сууларынын курчоосунда калган 5 турак жай ыкчам топ тарабынан коопсуз жайга көчүрүлдү. Мында адам өмүрүнө зыян келген жок. Айылдагы кырдаалды жөнгө салуу жана калыбына келтирүү максатында атайын техника тартылды. 

Эскерте кетсек, учурда Аксы районуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алына элек. Ал Аксы районунда 4-июнь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларынын деңгээлдери көтөрүлүп Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында кооптуу абал жаралгандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген.