Жаңылыктар
"Азия Ньюс": Бабанов премьер-министрликке да, тандемге да барбайт
Саясат
"Азия Ньюс":  Бабанов премьер-министрликке да, тандемге да барбайт

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн, "Азия Ньюс" президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин дараметтери канчалык экенин байкоо салганын алгачкы бетине жазып, негизинен үч-төрт фигуранын айланасында  күрөш жүрөөрү күтүлүүдө деп, алардын ичинен көзгө көрүнгөнү Өмүрбек Бабанов болууда, саясий рейтинги да алдыга озду дегенин Бабанов премьер-министрликке да, тандемге да барбайт деген макаласында жазды. 

Андан ары гезиттин “сыңар сап” рубрикасынын коногу Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов болуп, мэрдин ишмердүүлүгүнө айтылган ойлорго орун берилди. Айрымдары чарбакер эмес деп, бак дарактардын кыйылышы туура эмес болуп жатат деп сындаса, ошол эле учурда мэр шаардык кеңештин чечимин аткарат, бул да бир топ көз карандылык кылат, жакшы жактары деле бар экенин,  эскирген коркунуч туудурган дарактарды  кыя баштаганы, өз убагында таштандылар да алына баштаганы  жолду жамаачылаганы, ал эми кемчиликтери, борбордук көчөлөргө гана көңүл буруп калган жерлерди карабай жатышы,  Ош базарынын тегерегиндеги  тартипсиздик, шаардагы паспорттук көзөмөлдүн жоктугу, жол кырсыктарынан өлүм житимдин көбөйгөнү деп санап, Бишкек бүгүнкү күндө бетине упа коюп, бирок мойнун жуубаган келиндей десек деген баасын бул рубриканын башына жазды.

Ошондой эле көлөмдүү маек ЖКнын депутаты Рыскелди Момбековдон “Өлгөндөр менен төрөлгөндөргө гана күбөлүк берип калганыбызды айтсам, Алмазбек Шаршенович каткырып күлгөн деген аталышта алынды. Мындан тышкары “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун “Сакал коюп, допу менен узун көйнөк кийгендин баары эле молдоке эмес” деген маегине орун берди.  Азия Ньюс жандооч кийик аттырат деп, Эмне үчүн Сооронбай Жээнбековдун штаб башчысы катары Фарид Ниязов тандалды дегенге жооп жазды. 

Анда бул адамды бардык журналисттер жакшы билишээри, орус тилдүү журналисттердин арасында өзгөчө кадыр- баркка ээ экендиги, президент менен чогуу иштешкен мезгилдин ичинде  ал бир да жолу жаман окуяларга , каржылык ызы- чууларга чалынбаганы республикада тартип, туруктуулук болуп турганына  Фарид Ниязовдун чоң салымы бар экени, кыскасы, карапайым адамдар үчүн эң ириде өлкөдө туруктуулук, гүлдөп- өнүгүү болуп турганы маанилүү деп жазылат. 

Бүгүн "Политклиника" Өмүрбек Текебаевдин “Мен тарыхый күрөштө жеңип чыктым” деп айтканын тема кылып, алгачкы бетине бүгүн 8-июнда экс министр Дүйшөнбек Чотонов менен депутат Текебаевдин соту болоорун жана мурдагы соттук процесстен жазды. Бул сандан  Талас шаарынын мэринин кетиши ызы чуу менен коштолгонун, активисттер бак-дарактын кыйылышына каршы президентке кайрылганын, Үсөн Касыбековдун Тарых кайталанат же мурашевчил жайкарма деген макаласын, Перс булуңундагы Катар кризиси туурасында жазылгандарды,  Темир жолдогу күмөндүү тендер деген журналисттик иликтөөнү окуй аласыз.  

Таалайкүл Сыдыкбекова, Биринчи радио