Жаңылыктар
Москвада айдоочулук күбөлүк маселеси талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Москвада айдоочулук күбөлүк маселеси талкууланды

Москвада Кыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрлиги консулдук маселелер боюнча пикир алышты. Анда кыргыздын айдоочулук күбөлүгү менен унааны башкарууга Россияга ушул жылдын 1-июнунан тартып тыюу салуусу боюнча маселе көтөрүлдү. 

Кыргыз тараптын пикиринде, көрсөтүлгөн чектөө Биримдиктин базалык принциптерине каршы келгендиктен - ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарына колдонулбашы керек. Ал эми Орусия тарап бул маселе ЕАЭБдин алкагында өзүнчө макулдашуу түзүү аркылуу каралышы керек деп эсептейт. Ошондой эле, мыйзам сыйлаган чет өлкөлүк жарандарда айдоочулук күбөлүктү алмаштырып алууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин баса белгиледи. 

Белгилей кетсек, 1-июндан тартып Орусияда чет өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрү менен жеке ишкерлик менен алектенүү үчүн унаа айдоого тыюу салынары белгилүү болгон.