Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү пансионаттардын жайкы туризмге даярдыгы текшерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдөгү пансионаттардын  жайкы туризмге даярдыгы текшерилди

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын 70 пайызынын жайкы туризмге даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын текшерүүсү учурунда белгилүү болду. Инпекция ММК өкүлдөрү менен биргеликте көл жээгиндеги эс алуучу жайлардын санитардык жана техникалык абалдарын текшерүүгө алды. Былтыр суу тазалоочу жабдыктары жок деп табылган Ысык көлдөгү 12 пансионат убактылуу жабылып, аларга керектүү жабдыкты орнотуу тапшырмасы берилген. Ал эми быйыл алардын жетөөсү суу тазалоочу түтүктөрдү орноткон. 

“Дельфин де Люкс” пансионатындагы Америка горкасы же жайкы атракциону бир сезондо 1,5 млн адамды тейлейт. Бийиктиктен сыймаланып сууга түшүп, адреналин алууну каалоочулардын саны жыл сайын өсүүдө. Бирок адам өмүрү баарынан кымбат. Мамлекеттик экотехинспекция атракциондорду да текшерүүгө алды. Аталган эс алуучу жайдын аткаруучу директору Нурбек Текебаев Америка горкасы 15 күндөн сөң туристерди кабыл алууга даяр болот деп ишендирет.

Көл жээгиндеги баардык пансионаттар, санаторийлер, конок үйлөрү имараттарын оңдоп-түзөп, айлана-тегерегин көрктөндүрүп, тазалап, эс алуучуларды тосуп алууга кызуу даярдык көрүп жаткан мезгили.

Талап баарына бирдей. Былтыр Ысык Көл  районундагы   экологиялык жана техникалык  талаптарга жооп бербеген 12 пансионат  жабылган.  Буга эс алуучу жайлардын тазалоо курулмалары  жок, мындан тышкары  техникалык, экологиялык, энергетикалык жана өрт коопсуздугуна шайкеш келбегендиги себеп болуп, имараттар жай боюу жабык турду. Быйыл алардын жетөөсү суу тазалоочу түтүктөрдү орноткон. Мамэкотехинспекциянын аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Талант Борочоров негизги талаптарды санап өттү.

Ошентип бул жолку текшерүүдөн “Кооператор” пансионаты өтпөй калды. Ал эми аталган инспекциянын Өрт коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Мурат Мусагожоев былтыр 5 пансионатка өрт коопсуздугун алдын албагандыгы үчүн айып пул салынганын билдирди. Ал эми быйыл 15-июнга чейин дагы убакыт берилет. Айып пулдун баасы 1000 сомдон, 50 миң сомго чейин.

Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдагандай туристтердин коопсуздугун сактоо максатында, Ысык-Көлдөгү бардык эс алуучу жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. ИИМ ден-соолугун калыбына келтирүүчү курорттук аймактарда милиция кызматкерлеринин саны көбөйтүлөт. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөбүздө 221 саркынды сууларда тазалоочу курмалар бар. Алардын ичинен Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагында 193 эс алуу жайы ишмердүүлүк жүргүзүп, анын ичинен 111нин саркынды сууларды тазалоо курулмалары бар.  Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясын билдирүүсүндө Ысык-Көлдөгү пансионаттардын 70 пайызынын жайкы туризмге даярдыгы текшерилди.

С. Идирисов, Биринчи радио